Кемпир-Абад иши: сот Сооронкулова, Журабаева, Суранова боюнча чечимди өзгөрткөн жок

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын кароону улантып жатат. 

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, сот Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева жана жарандык активист Перизат Суранованын бөгөт чарасын карап, жактоочулардын үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган жок. Мурдагы чечимдер өзгөртүүсүз калтырылды.

26-декабрда тогуз кишинин арызы каралып, соттун чечими менен баары абакта калтырылган. Алар: Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Атай Бейшенбек, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Мамбетжунус Абылов, Акылбек Айтбаев, Эрлан Бекчоро жана Рита Карасартова.

Эске салалы: Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Камакта отургандардын бир тобу сотто суракта Кемпир-Абад боюнча эмес, мамлекеттик төңкөрүш аракети тууралуу соболдор берилип жатканын айтып чыгышты.

23-28-октябрь аралыгында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги мунун себебин «Кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген негизде түшүндүргөн. Кылмыш ишин козгоого алардын 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Бир катар эл аралык уюмдар жана элчиликтер кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга, сөз эркиндигине кысымды токтотууга чакырууда.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*