Кышында жука бут кийим кийүү өнөкөт ооруларды пайда кылышы мүмкүн

Кышында жеңил жана жука бут кийим кийүү ден соолукка олуттуу зыянын тийгизет. Ден соолукту чыңдоо борбору калкка бутту жылуу кармап, оорулардын алдын алууну сунуштады. 

Кыш мезгилинде да жаштар арасында бутка жука кроссовка жана кета кийгендер көп. Ден соолукту чыңдоо борбору мындай кийинүүнүн кесепети бир топ жылдардан кийин өнөкөт оорулардын пайда болушуна өбөлгө түзөөрүн эскертти.

Суукта бутка жука бут кийим кийгендер, заара системасынын органдарынын сезгениши, буттардын муздап калышынан улам келип чыгуучу ооруларга чалдыгып калышы мүмкүн.

Буттун тоңуп калышы, бүтүндөй организмдин муздашына алып келет. Ал эми, кичине эле чыйрыгуу организмдин коргоочу күчтөрүн азайтып, ар кандай ооруларга туруштук бере албай калышына өбөлгө түзөт. Дайыма үшүп жүрүү отит, гайморит, ангина ооруларын пайда кылат.

Муун оорулары:

Муздап калган учурда радикулит да өнүгүшү мүмкүн. Муун оорулары, буттардын муздашы остеохондроз, ревматизм, бет жана үч илтик нервтеринде неврит дартынын пайда болушуна түрткү берет.

Кандай бут кийим кийүү керек?

Кышында кийген бут кийимиңизден ным өтпөшү керек. Ичинде жылуулай турган кездемеси болуусу жана таманы калың болушу зарыл.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*