
Ош шаарында кечкисин элдин агымы аз болгонуна байланыштуу коомдук транспорттор эрте токтоп жатат. Бул тууралуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Мунарбек Тургунбаев «Адил сөз» программасында билдирди.
«Мэрия маршруттар кечкисин элди ташысын, аларга мотивация болсун деген негизде жол акыны көтөрүп берген. Негизи маршруттар жүргунчүлөрдүн агымына карап иштейт. Азыр шаарда 41 линия бар. Анын 20дайы шаар ичинде, калганы шаардын четиндеги айылдарга каттайт. Бирок кечки саат тогузга чейин эмес, жүргүнчүнүн агымына карап каттай беришет. Акыркы рейстерде адам жок болуп калууда. Тынбай текшерип атабыз. Аялдамаларда биздин ишкананын кызматкерлери акыркы каттамдар токтогонго чейин көзөмөлдөп туруп жатышат. Чындыгында кечкисин интервалы азайып кетип атат. Мисалы, он мүнөттө келчү маршрут 15 же 20 мүнөттө келет. Ушуларды текшерели деп навигаторлорду койгонбуз», -дейт Тургунбаев.
Ош шаарынын тургундары коомдук траспорттордун агымы кечки жетиден кийин азайып, жумуштан үйгө кетүүдө түйшүк жараларын дайыма айтып келишет. Жергиликтүү бийлик маселени чечүү үчүн былтыр жол акыны көтөргөн. Ага ылайык, маршруттук кичи автобустарда жүрүү акысы — 15 сом. Кечки саат жетиден кийин жүргүнчүлөр 20 сомдон төлөйт. Ал эми троллейбуста жана автобуста жүрүү акысы мурдагыдай 10 сом (электрондук картасы барларга 6-8 сом) бойдон калды. Окуучулар үчүн да тартиф жогорулаган жок. Бирок абал дээрлик өзгөргөн жок.
Калаадагы жүргүнчүлөрдү эки ишкана тейлейт: Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги жана Муниципалдык автоунаа ишканасы. Учурда шаар ичинде жүргүнчү ташыган 26 троллейбус, 18 автобус, 1000ден ашык маршруттук кичи автобус каттамга чыгат.
Оставьте первый комментарий