Өкмөт: буудай, ун, өсүмдүк майы жана кумшекердин кору жетиштүү

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору жетиштүү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өкмөттүн жыйынында билдирди.  

Төрөбаевдин маалыматында, ун чыгаруучу комбинаттарда буудайдын кору түгөнсө да, матрезервдин кампаларында буудай жетиштүү болот. Май чыгаруучу заводдор менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

“Азык-түлүк коопсуздугу дагы мамлекеттик коопсуздуктун негизине кирет. Муну эске алуу менен азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Ал эми, кумшекер боюнча да көйгөй жаралбайт. Себеби быйыл «Кошой» жана “Кайыңды кант” заводдору менен биргеликте 62 миң тонна кумшекер өндүрүлгөн.

Буга чейин, ун комбинаттары ассоциациясы 1-январдан тарта ун, нан жана жемдин баасы кымбаттай турганын билдирген. Себеби 31-декабрда ун комбинаттары үчүн данды алып келүү жана кайра иштетүү боюнча жеңилдиктердин мөөнөтү аяктайт.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*