Бөлүнгөн каражатка башка бакча курулган. Араванда бакчанын жаңы имараты 3 жылдан бери бүтпөй турат

Араван районундагы Салтанат Юсупова айыл өкмөтүндө №1 балдар бакчасынын имаратынын эскилиги жетип, жаңысын курууга үч жыл мурун казынадан 22 миллион сом бөлүнгөн. Бирок, мурдагы айыл өкмөт башчы ал каражатка жаңы имаратты башка тилкеге куруп, бул бакчанын балдарын жана тарбиячыларын ал жерге көчүргөн эмес. 

Аталган бакчада тарбияланган балдар 2019-жылдан бери башка мектептин эски имаратына көчүрүлүп, шарты жок жайда билим алып жатат. Жаңы бакча курууга казынадан каражат которулгандан кийин, ошол кездеги айыл өкмөт башчысы Шукурилло Файзуллаев бул тилке бакча куруу талабына жооп бербейт деген документ көрсөткөн. Мындан улам, аны башка жерге курууну сунуштаган. Жаңы бакча башка тилкеге салынып, бирок №1 бала бакчанын тарбиячылары да, анда тарбияланган балдар да ага бакчага кабыл алынган эмес. 

«Кайрылбаган жерим калган жок. Натыйжа ушул, жаңы имараты жок калдык. Шарты жок жерде балдарды тарбиялап келебиз. Бул жерде эч кандай шарт жок. Бакчада атайын аянтча, музыкалык зал, кир жуучу жай жок. Бөлмөлөргө печка куруп алганбыз. Файзуллаев айткан бакча,  капсуласы салынган боюнча курулушу токтоп калган» — дейт №1 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Мубарах Гафиржанова.

Учурда №1 бакчанын 96 баласы мектептин эски имаратында тарбияланып жатат. Бакчанын айланасы тосулган эмес. Дааратканасы да убактылуу салынган. 

Бакча айланасында чыр чыккандан кийин мурдагы айыл өкмөт башчы Шукурилло Файзуллаев өз каражатынан жаңы бакча салып берүүнү убадалаган. Имарат 2020-жылы, сентябрда пайдаланууга берилиши керек эле. Бирок курулуш капсуласы салынган боюнча турат. Бул тууралуу Файзуллаевдин өзүнөн маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми, айыл өкмөттүн учурдагы башчысы Насиридин Абдураимов, эгер бакчанын курулушу ушул боюча калса кийинки жылдын бюджетинен аны куруп берүүнү убадалады. 

«Мурдагы айыл өкмөт башчысы өз каражатына куруп берем деп сөз берген экен. Капсула салынып, катлаваны казылып, курулушка керектүү каражаттар алынган. Бирок эмнегедир бүгүнкү күнгө чейин курулбай жатат. Ал киши жыл аягына чейин куруп берем деп убада кылган. Бирок дагы эле турат. Эгер ал курбай турган болсо, мен башка жолун таап ал жерди тез калыбына келтиргенге аракет кылам. Эгер ал кишиде мүмкүнчүлүк болбой турган болсо, мен бакчанын курулушун 2023-жылдын бюджетине киргизем» — деди Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Насиридин Абдураимов. 

Автор: Айдана Осмонова, Зыягүл Болот кызы

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*