
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын арасынан ачкачылык жарыялагандардын дээрлик баары акциясын токтотту. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын саны 17 адам болчу. Бүгүнкү күнгө карата 16сы ачкачылыгын токтоткон.
Эки апта мурда ачкачылык жарыялагандардын жакындары кечээ кайрылуу таратып, аларды «саясий туткун» деп аташкан жана айрымдарынын абалы канааттандырарлык болсо, кээ бирлеринин абалы оорлоп кеткенин, алар өз алдынча баса албай калганын билдиришкен.
Президентке жана башка мамлекеттик органдарга кайрылганы менен майнап чыкпаганын белгилеп, камактагы жакындарын акциясын тез арада токтотууга үндөшкөн, себеби алардын ден соолугу үчүн кабатыр болуп жатканын айтышкан.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Шаардык сотто Биринчи Май райондук сотунун аларды кийинки жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимдери каралып, күчүндө калтырылды.
Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.
Оставьте первый комментарий