
Ош мэриясынын ипотекалык негиздеги көп кабаттуу үйүн кылмыш иши козголгон курулушту курган «Дельта-Лот» компаниясы курганы жатат. Аталган ишкана буга чейин калаанын Курманжан-Датка көчөсүндөгү «Голд Сити» фирмасынын үйүн бүтүргөн болчу. Турак-жай айрым талаптарга жооп бербегенине карабай, мыйзамсыз пайдаланууга берилген. Мындан улам Ош шаардык прокуратурасы кылмыш ишин ачкан.
Ош шаардык мэриясынын Набережная 2А дарегине курулуучу көп кабаттуу үйүн «Дельта-Лот» курулуш компаниясы курат. Аталган фирма тендерде эң аз сумманы сунуштап жеңген. Ипотекалык үйдү 311 млн сомго бүткөрүп бермек болгон. Ош шаардык кеңешинин 27-декабрдагы жыйынында депутат Болот Баетов ушул маселени көтөрдү. Ал «буга чейинки көп кабаттуу үйдү бүтүрө албаган компания ипотекалык турак-жайды куруп бүтө алабы?» деп кооптонуп жатканын билдирди.
«Бул компания тендерден мыйзамдуу утуп алган болсо, анда депутаттар тарабынан мониторинг жүргүзүп, көзөмөлдөп туруу сунушун берип жатабыз. Бюджеттен кошумча каражат албай, тендердеги суммага толук бүтүрүп беербиз деп убадалап жатышат», -дейт Баетов.
Курманжан-Датка көчөсүндөгү «Голд-Сити» компаниясынын көп кабаттуу үйүн «Дельта-Лот» компаниясы бүтүргөндөн кийин, кылмыш иши козголгон. Анда лифти бүтпөгөндүгү жана унаа токтотуучу жайынын жоктугу айтылган. Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү Өмүрбек Жужүровдун айтымында, кылмыш иши «Дельта-Лотко» эмес, «Голд-Сити» компаниясына ачылган.
«Бүгүнкү күндө лифттери кайра коюлуп, унаа токтотуучу жайга орун табышты. Көп кабаттуу үйдун жанындагы жер үйлөрдү сатып алышты. Ошолорду бузуп, машиналарды коюуга ыңгайлашкан. Ал эми азыр тендерге аралашып жаткан компаниянын үстүнөн эч кандай кылмыш иши жок. Ал боюнча эки жолу Мамлекеттик ипотекалык компанияга кат бергенбиз».
Ош мэриясы эмне дейт?
Ош шаардык ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманаалы Абдырахманов келишимди ишенимдүү түрдө түзүшкөндүгүн айтат. Негизги төрт эрежени кабыл алышканын да кошумчалады.
«Буга чейинки башка тендерлерден айырмаланып, келишимге төрт шартты коштук. Алар: Мамлекеттик курулуштун маалыматы боюнча, компаенсация алышы мүмкүн эле. Ошол мүмкүнчүлүктөрүн токтоттук. Андан тышкары кышкы кымбаттоо келишимдерин дагы алып салуу боюнча убадасын алдык. Булар келишимдин шарттарында көрсөтүлдү. Демек, курулуш компания аткарышы керек болот».
Кутманаалы Абдырахмановдун айтымында, ипотекалык үйдү сапаттуу бүтүрүү боюнча жоопкерчилик толук ишканага жүктөлөт. Эгер, курулуш компания үйдү мөөнөтүндө бүтүрө албай калып, ар түрдүү шылтоолор менен кечеңдетсе, келишимди бир тараптуу бузабыз деп жатышат.
«Эгерде бүтүрбөсө келишимдин шарттарында атайын санкциялар каралган. Биз ал компанияны «кара тизмеге» киргизгенге чейин барабыз. Убадасын аткарбаса катаал чаралар болот», -дейт Абдырахманов.
Азыркы учурда Ош шаардык мэриясы үйдү куруу үчүн жерди даярдап жатат. Жергиликтүү бийлик муну менен ипотекалык негиздеги төртүнчү үйүн баштоо алдында турат. Буга чейин мэриянын арзандатылган биринчи үйүнүн ачкычы ушул жылдын июнь айында тапшырылган.
Оставьте первый комментарий