
«Айрым атка минерлер өздөрү элге үлгү болгондун ордуна ашыкча чыгым кылган фактылар бар. Бул маселеге да көңүлүңүздөрдү бургум келет. Ысырапкорчулук боюнча элден талап кылардан мурда ушул жерде отурган, биздин администрацияда, министрликте, облус, район, айыл өкмөттө иштеген чиновниктер өздөрү үлгү болуш керек. Бизде той десе эле 500-1000 кишини чакырып алып, дүңгүрөтө той беребиз. Анан бири-бирибизди көрүп, карапайым калк дагы чөнтөгүндө акчасы жок болсо дагы намыс үчүн деп той берип, силерди ээрчип кетип жатат. Ошондуктан өзүбүз аларга үлгү болушубуз керек. Ысырапкорчулукка каршы иштеңиздер, көзөмөлгө алыңыздар. Сөз жүзүндө айтып коюп, иш жүзүндө кылбаган эң жоопкерчиликсиз маселе», — деди Жапаров.
Эске салсак: президент Садыр Жапаров 24-февралда «Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Документте маркумду акыркы сапарга узатууда катышуучулардын саны чектөөсүз болору, бодо мал союлбай турганы айтылат. Мындан тышкары маркумдун элесине арналган иш-чаралар 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлөт. Бул талаптарды бузгандар болсо жоопко тартылат, ал эми кызмат адамы болсо иштен алынат.
Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасына бул талап колунда барына, же жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын эскерткен билдирүү жазган. Ошондой эле жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырган.
Оставьте первый комментарий