Төрт облустун ички иштер башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалды

Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешмеде билдирип, аларды өздүк курамга тааныштырды. 

Ниязбеков жетекчилер Кочкор жана Сузак райондорунда болгон жагымсыз окуялардын улам ротация жолу менен дайындалганын белгиледи.

Жаңы жетекчилер:

  • Нарын облустук ички иштер башкармалыгына Канат Жумагазиев жетекчи болуп дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген;
  • Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына Жеңиш Абитов жетекчи болду. Мурда ал Ош ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген;
  • Ош облустук ички иштер башкармалыгына Жеңиш Жоробеков дайындалды. Мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги кызматын ээлеп келген;
  • Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына Орунбай Кочкоров дайындалды. Мурда ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын ээлеген.

27-декабрда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Нарын облусунда 22 милиция кызматкери тартип жазасына тартылды, 9у ээлеген кызмат ордунан бошотулду, 3 кызматкер ички иштер органдарынын катарынан бошотулуп, калгандары сөгүш алышкан. Ошол эле күнү Сузак районунун бир нече милиция кызматкерлери да оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн табуу жана кармоо боюнча тийиштүү чараларды көрбөй, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн пара алган деген жүйө менен кармалган. Ал окуядан кийин Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы баштаган 4 жетекчи жумуштан алынып, 16сына сөгүш берилген.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*