
Жогорку Кеңештин депутаты уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен жолукканы аныкталды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат 30 секунддук видео жарыялап, анда криминалдык авторитет Камчы Асанбек (Көлбаев) менен Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Чолпон-Ата шаарында «Барс» спорттук-эс алуу комплексинде жашыруун жолугушканын билдирди. Ошондой эле, бул боюнча далилдүү фактылар да бар экендигин кошумчалады.
«Коррупциялык компонент кылмышкерлердин мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен биригүүсүнүн негизи болуп, анын ичинде жооптуу кызматты ээлегендер, кээ бир учурларда жеке кызыкчылык, ач көздүк, мыйзамсыз баюу мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору турат. Кылмышкерлер менен мындай байланыштар бир гана чиновниктер эмес, өзгөчө эл өкүлдөрү, бийликти дискредитациялоого, элдин ишенимине доо кетирүүгө жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин экономиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган аракеттерин нейтралдаштыруу болуп саналат», — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.
Буга байланыштуу УКМК мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде депутаттарга кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбестигин эскертип, бул алардын кылмыштуу аракеттерине шериктештик катары бааланат деп атаган.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров бүгүн, 27-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкканы маалымдалган. Ал эки сааттай суралганын, суроолор эч кайсы ишке байланыштуу эмес экенин белгилеген.
17-ноябрда парламентте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда УКМКтөрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтышкан. Ал Кемпир-Абад боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш берген.
Бул окуядан бир нече күн өткөндөн кийин Бакиров парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарылган. Аталган маселе боюнча иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Бир нече отурумдан кийин депутат иш бөлмөсүнөн мыйзамсыз чыгарылды деген бүтүм чыккан.
13-декабрда Бишкек шаардык административдик соту анын бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округунан шайланып келген депутаттык мандатын, атаандашынын арызы менен кайра карап чыгуу талабын канааттандырган. Эл өкүлү өзү мунун мыйзамсыз экенин айткан.
15-декабрда Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылында Өмүрбек Бакировдун тарапташтары чогулган. Алар эл өкүлүн коргоп бийликке кайрылуу жасап жана аны мандатынан ажыратпоону талап кылышкан.
Кайрылгандар Бакировду парламентке «өзүнүн күчү, эмгеги менен барган депутаттардын бири» деп белгилешкен. Алар Садыр Жапаровдон сотторго калыс мамиле кылууну өтүнгөн.
Өмүрбек Бакиров 2011-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына «Ата Журт» партиясынан, 2018-жылы экинчи жолу алтынчы чакырылышка КСДП партиясынан депутат болуп келген.
Оставьте первый комментарий