Өкмөт «мыкты» деп табылган мекемелерди тизмектеди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы министрликтердин жана мекемелердин ишинине баа берилип, жыйынтыгы чыгарылганын билдирди. Мониторинг кылууда тогуз мекеме «мыкты» деп табылган.

  • Мамлекеттик салык кызматы;
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
  • Ички иштер министрлиги;
  • Коргоо министрлиги;
  • Тышкы иштер министрлиги;
  • Юстиция министрлиги;
  • Улуттук статистика комитети;
  • Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги;
  • Социалдык фонд.

Мындан тышкары 19 мамлекеттик мекеменин иши «жакшы» деп табылган. Энергетика министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба агенттигине «канааттандырарлык» деп бааланды.

Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин иши «төмөн» деп табылды.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*