Ар чөйрөнүн ишмерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Тизме

Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери менен ар чөйрөнүн өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарылды.

Тапшыруу аземи бүгүн, 29-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Тизме:

Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын Асанкадыр Советжан, Зарылбек Молдобакиров, Нурмамбет Полотов алды.

II даражадагы «Манас»  ордени менен режиссер, сценарист Геннадий Базаров, Владимир Плоских сыйланды.

III даражадагы «Манас» орденин Жолдошбек Алышүкүров, Арзыбек Бедияров, Балтахун Нурунбетов алды.

«Курманжан Датка» ордени Кайыргүл Сартбаевага ыйгарылды.

 «Данакер» ордени Назирбек Бөрүбаевге, Роза Жумаевага, Гүлсара Өмүралиевага, Чолпон Султанбековага жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине берилди.

«Кыргыз Республикасынын эл акыны» наамын Тынчтыкбек Нурманбетов алды.

«Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» наамы Абдиламит Матисаковго, Бекен Назаралиевге ыйгарылды.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын менен Курманбек Абдувалиев, Гүлмира Жолдошева, Съезбек Искеналиев, Урматбек Усенов алды.

Мындан сырткары бир катар мамлекеттик кызматкерлерге «Даңк» медалы, ардак грамоталар тапшырылды.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*