Баткенде каза болгон чек арачынын сөөгү «Ата-Бейитте» жерге берилди

Бүгүн, 29-декабрда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда каза болгон чек ара аскерлигинин лейтенанты Дастан Анарбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Ага Садыр Жапаров катышып, мекен үчүн баатырларча курман болгон Дастан Анарбековдун үй-бүлөсүнө, ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Өлкө башчы ушул жылдын сентябрында Баткенде болгон куралдуу кол салууда кырчындай жигиттердин окко учушу кыргыз элинин кабыргасын кайыштырып, кайгыга салганын белгилеген. Ошондой эле, кыргыз эли ар дайым бардык кошуналар менен достукту жогору баалап, пайда болгон көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен гана чечкенин айткан.

«Тилекке каршы, жакында эле коңшу өлкө Кыргызстандын жерине басып кирди. Бирок Дастандай болгон мекени үчүн тоо болуп туруп берген жоо жүрөк кыргыз жигиттеринин татыктуу каршылыгы алардын мизин кайтарды. Туулган жердин ар бир карышын коргогон баатыр уулдарды жарык дүйнөгө алып келген энелерге, аларды өстүргөн аталарга башымды ийип таазим кылам. Дастан Анарбеков сыяктуу жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбайт, алардын жаркын элеси бүткүл кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат», — деген.

Дастан Анарбековдун сөөгү буга чейин комплекске коюлган, танк экипажынын үч мүчөсү, УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаныбай уулу Тилектин жайынын жанына жерге берилди.

21 жаштагы Дастан Анарбеков «Достук» чек ара тозотунун башчысынын орун басары болчу. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон. Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*