
2018-жылы Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары ВЛКСМ участогунда жайгашкан айыл чарба багытындагы жерди жеке менчикке берип жиберген. Анын аянты 0,42 ганы түзүп, У.А. аттуу жаранга токтомду жасалмалоо аркылуу берилгени аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, андан кийин жогорудагы мыйзамсыз аракеттер улантылган. 2022-жылдын сентябрында жер тилке 7 бирдикке бөлүнүп, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар даярдалып берилген.
Натыйжада, сугат айдоо айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлери мыйзамсыз жеке менчикке берилгендиктен мамлекетке 15 млн. 458 миң сомдук зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн жана «Кадастр» мекемесинин Кара-Суу филианын кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен кылмыш иш козголгон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Оставьте первый комментарий