Оштун бюджетине быйыл 300 млн. сомго көп каражат түштү. Казына эмненин эсебинен көтөрүлдү?

Быйыл Ош шаарынын бюджетине дээрлик 2 млрдга жакын каражат түшкөн. Эч бир тармакта төлөмдөр, атайын тарифтер кымбаттаган эмес. 

Биздин редакция Ош шаарынын бюджети быйылкы жылы эмненин эсебинен көтөрүлгөнүнө жооп табууга аракет кылды.

Шаардагы борбордук базар былтыр 2 млн. сом, быйыл болсо 5 млн. сом төккөн. Бирок сатуучулар алар төлөп жаткан каражат көп жылдан бери эле өзгөрбөй келгенин айтышууда.

«Мурда 20 сомдон төккөнбүз. Акыркы 10 жылдан бери соода түйүндүн аянтаны карап 40-50 сомдон төгөбүз. Көп жылдан бери эле ушул баа», — дейт сатуучулардын бири Амина Алимова.

Борбордук базардын жетекчилиги 2 жылдагы бюджетке төккөн каражаттагы мынчалык чоң айырма болуп жатканын бир канча себеби бар экенин айтууда. Буга чейин базардын ичиндеги соода түйүндөрү толук иштебей келсе, быйыл жалпы 708и иштеген. Алардын ар бири күн сайын 20 сомдон 80 сомго чейин акча төгүшөт. Ошондой эле жуманын жети күнү тең иштеп баштагандыктан сумма көбөйгөн. Базардын картасы түзүлгөндүктөн, мурда менчик деп жүргөндөрдүн аймагы аныкталып, алар да акча төлөй башташкан.

«Мурун бизде дүйшөмбү,жума күндөрү иштебейт болчу. Азыр жети күн тең иштейт. Дүйшөмбү күнү эле 10дон башталбаса, толук иштейт. Бекитип калган нерселер болгон жок. Азыр толук иштеп, баары бюджетке түшүп жатат. Каттоо кызматы, архитектура менен бирге базардын картасын да түзүп чыктык. Кайсы жер бизге карайт, кайсы жер жеке менчик экен деп билбей жүргөнбүз», — дейт  Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясынын жетекчисинин орун басары Канатбек Амираев.

Бюджетке чоң акча төккөндөрдүн бири муниципалдык менчик башкармалыгы болгон. Бул мекемеде дагы ижарага берилген баалар өзгөргөн эмес. Бирок өткөн жылы 104 млн. сом төккөн болсо, быйыл 11 айда эле 165 млндон көп каражат тапкан. Буга көмүскөдө ишкерлик кылгандардын бети ачылып, алардын жылдап төкпөй жүргөн ижара акысы өндүрүлгөнү себеп дешет. Жетекчинин айтымында прокуратура да бир канча акчаны алууга көмөк көрсөткөн. 

«Бир топ эле келишимдер түзүлүп, бирок убагында төлөнбай калган. Көзөмөлдүн жокутугу болуп калган деп эсептейм. Биз тараптан каттар берилгенине карабай, төлөбөй жүргөндөр болгон. Алгылыктуу иштер жүргөн эмес да. Азыр да соттук иштерибиз бар, документтерди даярдап жатабыз», — Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Сталбек Төрөбек уулу.

Ош шаардык кеңещинин депутаты Бекболот Арзибаев бюджеттин көтөрүлгөнү жакшы болгону менен, буга чейинки түшкөн акчанын кайда кетип турганы кызык болуп жатканын айтууда. Ал муну күч органдары териштириши керек деген ойдо.

«Буга чейин эмнеге бул акчалар чыкпай келгени аябай күмөндүү суроолорду жаратат. Тиешелүү күч органдары өздөрү иликтеп, такташы керек. Мен буга чейин каржы жагынан тейлеген Марс Асановичке суроо бергем. Анда бул жагдай, мурункулардын иштегени боюнча менде аябай көп суроолор жаралган. Анда ал мага “мен жумушка жаңы келдим, биз жаңы команда менен иштедик. Айырмасы ушул болду деген жооп берген. Менде дагы деле бул айырма боюнча суроолор көп. Ал акча каражаттары мурда кимдин чөнтөгүнө кетип жаткан?», — дейт Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев.

Муниципалдык менчик башкармалыгы жыл ичинде 45 жерди кайтарып алганын айтып, 2023-жылы аларды дагы ижарага беребиз дейт. Ошондой эле ижаранын баардык түрүнө акы дагы 45 пайызга өсөөрүн билдирүүдө.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*