
Араван районунун тургуну Азиза сол бутунун сөөгүнөн жана тизесинен рак болуп калган. Өз алдынча эркин баса албайт. Өспүрүм кыз сүрөт тартканды жакшы көрөт. Ал мектепке барууну кыялданганы менен ден-соолугу мүмкүндүк бербейт. Жаш кызга Индиядан операция жасатуу сунушталган. Бирок ага көп каражат керек болгондуктан, кыздын ата-энеси өз алдынча топтой албай жатышат. Мындан улам кайдыгер эмес жарандардан жардам сурайт.
Он жаштагы Азиза сүрөт тартканды абдан жакшы көрөт. Калеми менен кагазы анын жакын достору. Ал үйдөн башка жакка чыга албагандыктан кыялдарын, көргүсү келген жерлерди сүрөткө түшүрөт. Бир жыл мурун ооруп калып, ошондой кийин жакшы баса албай калган. Өспүрүм кыз мектепке да бара албайт.
Ушул жылдын июль айында Азизанын тизесине суу толуп кеткен. Буту шишип, баса албай да калган. Ата-энеси кызын Москвага чейин алып барып текшерткенде сол бутунун сөөгүнөн жана тизесинен рак болуп калганын билишкен.
«Тизесинде суу бар дешип, Кызы-Кыяга ооруканага жаткырдык. Ал жакта он күн даарыланды. Андан кийин Ошко алып бардык. Ал жактан рак деп жыйынтык чыгарып беришти. Бишкекке алып барып кестирдик. Диагнозу так чыкпай жатты да. Үйгө келгенден кийин кайра эле буту шишип, кайра бардык. Москвадан да рак деп жыйынтык чыгарышты», -дейт атасы Жыргалбек Турдубаев.
Учурда Азизаны айыктыруунун жалгыз жолу Индияга алып барып, даарылатып келүү. Бул үчүн 16 миң АКШ доллары керектелет. Анын жакындары 10 миң долларды топтошкон. Калган акчаны чогултууга кайрымдуу жарандардан жардам сурашат.
«Кыргыз элимен жардам сурайм. Кызымын даарылануусуна каражат жетпей атат. Операцияга деген акчанын жарымын топтогонбуз. Калганына чамабыз жетпей жатат», -дейт апасы Айсулуу Сүйүнбек кызы.
Азизанын кыялы өзү менен тең балдар кыздар сыяктуу чуркап ойноп, мектепке баруу. Ал кыялындагы сүрөттөрдү да жаратылышка өзү басып барып тартсам дейт. Жаш кыздын кыялы орундалсын деген кайрымдуу инсандар болсо, төмөндөгү даректер аркылуу каражат жагынан жардам берсе болот.
Турдубаев Жыргалбек Маматалиевич
0228 84 18 60 — элсом
4177 4901 7386 4804 – Кыргызстан банк
4279 3806 9852 6367 — СберБанк
Оставьте первый комментарий