Ошто жаңы жыл күнү коомдук транспорт түнкү он экиге чейин иштейт

Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаарында 31-декабрь күнү бардык коомдук транспорттор элди түнкү саат он экиге чейин ташыйт. Бул тууралуу «Т-Медиага» мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

31-декабрь күнү жарандар үчүн майрамдык программа өткөрүлөт. Анын биринчи бөлүгү 12.00дө башталып 19.00гө чейин созулат. Кечки бөлүгү 20.00дө башталып 00.00дө майрамдык салют менен аяктайт.

Жарандардын коопсуздугун 400дөн ашык милиция көзөмөлгө алат. Өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекциянын кызматкерлери жаңы жылдык майрам күнү балдарын жоготуп алгандарга жардам көрсөтөт. Борбордук аянтта Тез жардам кызматынын эки бригадасы менен өрт өчүрүү кызматынын эки унаасы күзөттө турат.

Автор Т-медиа 11884 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*