
Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде мамлекеттик сыйлыкты мындан ары өлкөгө эмгеги сиңгендер гана ала турганын билдирди.
Журналист Жапаровго анын мурда «Бийлик качарда сыйлыктарды берип баштачу эле» деп жазганын эскертип, бул ирет дагы көптөгөн жаран мамлекеттик сыйлыктарды алганын, ага кандай пикирде экенин сураган.
«Ооба, 2015-жылдары жазсам керек эле. Ал кезде сыйлыктар татыктуу адамдарга берилбей эле, «дежурларга» көп берилген убак болчу. Ким бийликти мактап-жактап, коргоп турса, ошолорго же бийликтин жакындарына берилчү.Татыктуу адамдар тааныш-билиш менен алышчу же сатып алышчу. Бул акчаны өмүр бою эмгек акыга иштеген, башка бизнеси жок карапайым мугалим, карапайым дарыгерлер кайдан тапмак эле. Эми мындан ары мамлекетке эмгеги сиңгендер гана алат. Администрациядан кимде-ким мурдагыдай коррупциялык жол менен сатып же тааныш-билиштик кылып бере баштаган болсо, анын орду түрмө болот», -дейт Жапаров.
Кечээ, 29-декабрда президент Садыр Жапаров ар кыл чөйрөнүн ишмерлерине сыйлык тапшырды. Сыйлык алгандардын тизмеси бул жакта.
Оставьте первый комментарий