
Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин отчёттук жыйынында мамлекеттик тил жана орус тили боюнча айткан сөзүн саясатташтырбоого чакырды. Бул тууралу өлкө башчы «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
«Кабар» агенттигинин журналисти мамлекет башчыдан министрлер кабинетинин жыйнынындагы документ иштериндеги тил маселеси боюнча айткан сынын чечмелеп берүүсүн сураган. Президент анын оюн кээ бирлер туура эмес чечмелеп жатканын, тескерисинче, өлкө боюнча орус тилин өнүктүрүүгө кадам ташталганын белгилеген. Ошондой эле келе жаткан жылы Орусия Кыргызстанга тогуз орус мектебин куруп бере турганын кошумчалаган.
«Союз тарагандан бери дасыккан орус тилчи мугалимдер, айрыкча, аймактарда бир топ эле азайып кеткен. Ошол үчүн кадрлар орус тилинен ката кетирген учурлар кездеше баштаганы байкалууда. Бир барак документте толтура ката. Андан көрө сабаттуу кылып кыргызча эле жазгыла дагы, орусчасын артына тиркеп койгула деген ойду айттым. Айрым учурларда негизги документ кыргызча, тиркемелер орусча келет. Минтип башаламан кылбай кыргыз тилинде башкы документ, тиркемелери орус тилинде кылып, бир беткей тартипте салынышы керек. Ансыз деле кыргызча жазылган иш кагаздары орус тилине которулуп тиркелет. Ошондой эле бизде орус тили Баш мыйзамга расмий тил деп киргизилгенин жакшы билесиздер. «Жумурткадан кыр издегендей» менин сөзүмдөн дагы саясат издештин кереги жок. Тескерисинче, окуучуларыбыз бир эле орус тилин эмес, бир нече башка тилдерди дагы жакшы өздөштүрүп кетсе кандай сонун болот эле».
Ошону менен катар мигранттардын көбү Орусияда эмгектенип жатканын, алар орус тилин жакшы билгендей болушу керектигин билдирди. Мындан сырткары, мектептерде англис тилин дагы мыктылап окутканга аракет көрүлүп жатканын, бирок каражат маселеси бар экенин белгиледи.
28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйыны болуп, анда президент иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрбөгөн министрликтерди атаган жана аларды уяткарган.
Оставьте первый комментарий