Миллион сомго жетпеген киреше. Садыр Жапаровдун 2021-жылдагы декларациясы жарыяланды

Сүрөт: президенттин маалымат кызматы

Мамлекеттик салык кызматы чиновниктердин 2021-жылга карата кирешелери менен мүлкү тууралуу декларацияларын жарыялап баштады. Президент Садыр Жапаровдун мүлкү тууралуу маалымат берилди. 

Документке ылайык, президент 2021-жылы 997 миң 803 сом киреше тапкан. Чыгымдары көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле президент 0,6 гектар жерге жана гаражга ээ экени жазылган. Ал эми жакын тууганынын наамында аянты 17,2 чарчы метрлик гаражы бар.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2020-жылга карата декларациясында анын жакындарына 50,7 жана 389 чарчы метр аянтты ээлеген эки үйү, ошондой эле 17,2 чарчы метр гаражы бар экенин көрсөткөн. Президенттин үй-бүлөсүнүн атына «Үмүт булагы» коомдук фонду да катталган.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*