
Бүгүн, 31-декабрда күндүзү көпчүлүк аймактарда кар жаашы ыктымал. Айрым облустарда туман түшөт, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5, Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 градус болот. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5, Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10 градусту түзөт.
Бийик тоолуу райондордо аяздын күчү түнкүсүн -22…-27, күндүз -9…-14 градуска жетет.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштөн кийин кар жаашы мүмкүн. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 1…3 градуска чейин жогору болот.
Оставьте первый комментарий