Билим берүү минитрлиги эс алуу күндөрү балдарга пайдалуу онлайн ресрустарды сунуштады

Кыргызстанда онлайн окутуу жандангандан кийин Билим берүү жана илим министрлиги атайын окуучуларга жана алардын ата-энелерине кошумча сабактар үчүн онлайн ресурстарды иштеп чыккан. Министрлик жаңы жылдык эс алуу күндөрүндө аларды колдонууну сунуштады. 

Тизмеде башталгыч класстын окуучуларына пайдалуу “iBilim” сайты бар. Андан балдар, англисче тамга жаттап, кыргыз тилинен жат жазуу жазса болот.

Музыка, көркөм сүрөт, мекен таануу, математика жана англис, орус, кыргыз тилдери боюнча жеткинчектер үчүн ыңгайлуу сабактар бар. Ата-энелерге деген бөлүмдөн балдардын окуусуна кантип көмөктөшсө боло турганы жөнүндө социалдык роликтерди көрсө болот.

Ал эми, жогорку класстын окуучулары үчүн ”Билим булагы” онлайн ресурсу сунушталган. Анда бардык сабактар өзүнчө бөлүмгө бөлүнүп, темалар боюнча видео, сүрөт түрүндө түшүндүрмө берилген. Ошондой эле, “Санарип cабак” ютуб каналында, бир жыл мурун онлайн сабактар үчүн даярдалган видеолор бар.

Жогоруда сайттын шилтемесин таба албаган болсоңуз төмөнкү шилтемелерди колдонуңуз:

iBilim — https://ibilim.edu.gov.kg/

Билим булагы — https://bb.edu.gov.kg/

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*