Жоопкерчилик кимде болот? Бардык маданий иш чараларда жандуу үн менен ырдоого буйрук чыкты

Кыргызстанда 1-январдан тарта концерттерде, маданий иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Буйрукка, 30-декабрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон.

«Министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим беруу мекемелеринде (театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканалар) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр 2023-жылдын 1-январынан тартып жандуу үн менен аткарылсын», — деп жазылган буйрукта.

Эгерде буйрукта аталган мекемелердеги иш чараларда фонограмма ырдалса жоопкерчилик мекеменин жетекчисинде болот. буйруктун аткарылышын министр өзү көзөмөлдөйт.

Өлкөдө 2012-жылы фонограммага тыюу салган мыйзам кабыл алган. Бирок, мыйзам аткарылбай келген. Андан бери фонограммага тыюу салууну күчөтүү сунушу бир нече ирет айтылган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*