Ош: соцфонддун кызматтарын калкты тейлөө борборунан алууга болот

Ошто жаңы калкты тейлөө борборунда социалдык фонддун кызматтары үчүн терезе ачылган. Ал жерде жарандар пенсия боюнча бардык кызматты ала алат. 

Калкты тейлөө борборунда пенсиялык күбөлүктү алуу же пенсияга чыгууга арыз берсе болот. Ошондой эле:

  • пенсияны кайра эсептөө;
  • пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалымкат алуу;
  • жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алуу;
  • пенсия төлөөнү узартуу;
  • сөөк коюуга ырым — жырым жөлөкпулун алуу;
  • пенсияны төлөө каналын алмаштыруу;
  • пенсиянын топтоо бөлүгү боюнча кызматтарды ала алат.

Ош шаарындагы жаңы калкты тейлөө борбору Касымбеков -8 г/1. көчөсүндө жайгашкан. Иштөө графиги саат 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12:30дан 13:30га чейин. Ошондой эле, “Earlyone” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн кезекке турууга болот.

Буга чейин иштеп жаткан Ленин 318 жана Раззаков 2 даректериндеги эки борбор жабылганы 10-ноябрда кабарланган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*