ӨКМ: 5-январга чейин унаа жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн

Тоолуу райондордо 3-январдан 5-январга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-январда билдирди. 

Жол тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам, унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керек. Ошондой эле, төмөнкү унаа жолдорунда кар күрткү ыктымалдуулугу бар:

  • «Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу» автоунаа жолунун 55-107 чакырымдары;
  • «Ала-Бука — Каныш-Кыя» автоунаа жолунун 68-101 чакырымдары (Чапчыма ашуусу);
  • «Красная-Горка — Акташ» автоунаа жолунун 1-4 чакырымдары.

Эгер кырсык катталса 112 номерине байланышуу керек.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*