Эс алуу күндөрү көргөнгө кино издеп жатасызбы? Сюжети чыныгы окуядан алынган 7 тасма

Жаңы жылдык эс алуу күндөрүндөгү бош убактыңызда көргөнгө кино издеп жатасызбы? Биз сиз үчүн чыныгы окуянын негизинде гана тартылган 7 тасманы топтоштурдук.

  1. Терминал — бул америкалык трагикомедия. Тасманын сюжети 1988-жылы ирандык качкын Мехран Карими Насери менен болгон чыныгы окуяга негизделген. Ал документтерин уурдатып жиберип Париждин аэропортунда 18 жыл (2006-жылга чейин) жашоого аргасыз болгон.
  2. Дворецкий — бул тасманын сюжети АКШда Ак үйдө 34 жыл иштеген жарандын чыныгы окуясынан алынган. Кинодо кара өндүү Сесил Гейнс балалыгын пахта талаасында өткөрөт. Апасы жинди болуп, атасы өлтүрүлгөндөн кийин, жаш балага пахта талаасын караган Аннабет кам көрүп, кызматчылардын ишин үйрөтөт. Сесил бойго жеткенден кийин туулган жерин таштап кетет. Турак-жайы, акчасы жок жигит көпкө чейин жумушу жок жүрөт. Кийин ага жакшы адамдар жардам берип, ал Ак үйгө жумушка орношот.
  3. Жөн гана ырайым кылуу (Просто помиловать) — бул тасма жактоочу Брайн Стивенсондун окуясын баяндайт. Ал калктын аярлуу катмарына, жакырларга сот иштеринде көмөк көрсөтүүгө өзүн арнаган.
  4. Биз үчүн дем ал (Дыши ради нас) — Тасма 28 жашында төшөктөн тура албай, жасалма дем алдыруучу аппаратка байланып калган англиялык Робин Кавендиш жана анын өмүрүн сактап калган жубайы тууралуу. Кавендиш өз алдынча дем ал албай калганда, жубайы анын көчөгө чыга алышы үчун механиктер менен бирге өзү менен алып жүргөнгө ыңгайлуу жасалма дем алдыруучу аппарат жасайт.
  5. Негиздөөчү (Основатель) — дүйнөдөгү атактуу Макдоналдстын кантип түптөлгөнүн баяндаган кино. Көрүүчү ийгиликсиз сатуучудан миллиардер, дүйнөгө таанылган Рэй Кроктун сырдуу окуясын көрө алат.
  6. Капитан Филлипс — тасма 2009-жылдын апрелинде Сомалилик каракчылар тарабынан өз кемесинде колго түшкөн Ричард Филлипс жөнүндө.
  7. Бактылуулукка умтулуп (В погоне за счастьем) — Тасма жөнөкөй сатуучудан, ийгиликтүү брокерге айланган жарандын жашоосу тууралуу.
Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*