
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп Марлис Асанов дайындалды. Тиелешүү буйрукка ички иштер министри Улан Ниязбеков 10-январда кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы «Т-Медиага» билдирди.
Жаңы жетекчи азырынча жамаатка тааныштырыла элек.
Марлис Асанов 2018-жылы Чүй облустук милициясынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Анын тушунда ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдалы кызы Жайыл РИИБнин имаратында өлтүрүлгөн. Мындан кийин ал 2018-жылдын 5-июнунда кызматынан алынган болчу. Кийин Талас облустук ички иштер башкармалыгына жетекчи болуп барган.
Оставьте первый комментарий