
Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты, «Альфа Телеком» ишканасынын Жалал-Абад облусундагы аймактык филиалынын директору Э.Б.А жана Базар-Коргон районунун акими С.Дж.М кармалды. Алар алдамчылыкка шектелд. Бул тууралуу 14-январда Улуттук коопсуздук комитети билдирди.
Маалыматка караганда, алар С.Ж.М. Т.И.А. аттуу жаранга Базар-Коргон шаарынын мэри кызматына кайра келишине көмөк көрсөтөрүн айтып, 20 миң доллар алдап алган жана аны президент Садыр Жапаровго беришерин айтышкан. Алар мурдагы убадасын аткарбай, акчасын кайтарбай, акча берген жаранды коркута баштаган.
Учурда кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда
Оставьте первый комментарий