
Кыргыз-тажик чек арасынын 625 чакырым (жалпы чек ара узундугунун 63%ы) чек ара сызыгынын долбоордук сыпаттамасы түзүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө белгилүү болгонун Жапаровдун басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн президенттери өз ара алака-катыштын 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин куттуктады. Кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо жана чек ара маселелерин чечүүнү талкуулады.
«Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон учурдагы бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын баса белгилешип, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүү процессин активдештирүү боюнча ойлорун билдиришти», -деди президенттин басма сөз кызматы.
Тараптар кыргыз-тажик мамилесинин мындан аркы өнүгүүсү Борбор Азиядагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө болорун белгилешкен.
Чек арадагы куралдуу кагылыш
Былтыр 14-16-17-сентябрда Тажикстандын кол салуусунан 63 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алган. Мындан улам 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка көчүрүлгөн.
Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөндө да кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолуп, тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга «чыккынчылык менен кол салганын» айткан. Жапаров коңшу мамлекетке ишеним солгундап кеткенине карабай, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөргө Кыргызстан даяр экенин билдирген.
Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. «Озоди» өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарган.
Оставьте первый комментарий