
Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында үйлөргө кезек-кезеги менен жылуулук берилип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчулары жергиликтүү тургундарды таза суу менен камсыздоодо.
Министрликтен билдиришкендей, ушул тапта шаарда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов баштаган топиш алып барууда. Калаада 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Учурда №1 отказан ишке кирип, маал-маалы менен жылуулук бериле баштады. Таза суу беш машина менен ташылып келип жатат.
Катуу сууктун кесепетинен Майлуу-Суу шаарында таза суу жана жылуулук берүү системасы үзгүлтүккө учурап, 13-январда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Таза суу сактоочу жайдын түтүктөрү тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Мындан улам шаардын № 1, 3, 4 отканаларында жылуулук берүү системасына суу толук келбей, жылуулук берилбей калган.

Бир нече күн мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө катуу суук болорун эскерткен. Кыргыз гидрометтин маалыматын ылайык, өлкөнүн айрым аймактарында мезгил-мезгили менен кар, жамгыр жаап, айрым аймакта абанын температурасы -38 грудуска дейре төмөндөшү күтүлүүдө.
Оставьте первый комментарий