
Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын иши боюнча кармалып, камакка алынган оператор Калыс Бактыбек уулу (Ашырбаев) үч камагына чыгарылды. Мындай чечимди 13-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.
MIR 24 сайтынын журналисти Санрабия Сатыбалдиева жана аны менен иштеген оператор Калыс Ашырбаев былтыр 4-октябрга караган түнү кармалган. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алар «опузалап акча талап кылууга» шектелип жатат.
Сатыбалдиева кош бойлуу болгондуктан 4-ноябрдын кечинде эч жакка кетпөө тил каттын негизинде бошотулган. Ал эми Ашырбаев Бишкектеги тергөө абагына (СИЗО-1) камакка алынган болчу.
Оставьте первый комментарий