
Орто-Токой суу сактагычына кубаттуулугу 21 мегаваттык (МВт) чакан ГЭС курулат. Долбоорду кытайлык China National Heavy Machinery Corporation компаниясы ишке ашырат. Бул тууралуу 14-январда Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кытайлык компания менен кызматташуу тууралуу меморандумга 13-январда кол коюлду. Ага энергетика министри Таалайбек Ибраев, эконокмика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, финансы-кредиттик фондунун жетекчиси Жусубали Төрөмаматов жана кытайлык компаниянын вице-президенти Женг Хенсонг катышты.
Меморандумга төмөнкүлөр камтылган:
- Өнөктөштүк мамилелерди жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, бул Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт;
- Кубаттуулугу 21 Мвтты түзгөн Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС (гидроэлектростанция) куруу боюнча кол коюлду.
Министр Таалайбек Ибраев документке кол коюу өлкөдөгү энергетикага болгон тартыштыкты жоюуга багытталган негизги кадамдардын бири экенин билдирди. Ошондой эле ал Орто-Токой суу сактагычында «Чакан» ГЭС курууга Энергетика министрлиги кызыктар экенин белгилеген.
Эске салсак: быйыл 6-январда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери жолугуп, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча жол картасына кол коюшкан.
7-январда президент Садыр Жапаров Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөө ордуна «жашыл» долбоорлорду ишке ашыруу сунуштаган. Мамлекет башчы 4,2 млрд. долларга жеткен карыздын бир бөлүгүн Кыргызстан ГЭС курууга жумшаса болорун белгилеген.
Оставьте первый комментарий