Ош: «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын жетекчиси Бекмурза Эргешов кызматына кайтты

«Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын жетекчиси кызматынан убактылуу четтетилген Бекмурза Эргешов бүгүн, 16-январда кайра өз иш ордуна келди. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдирди.

Анын сөзүнө караганда, ишканадагы көйгөйлөр боюнча мэрияга өз убагында маалымат бербегени үчүн Эргешовго сөгүш берилди.

«Жылуулуктагы басымдын азайып кеткенине жана «Жылуулук камсыздоо» ишканасына даттануулар көп болуп жатканына байланыштуу Бекмурза Эргешов убактылуу жумуштан четтетилип турган болчу. Комиссиянын корутундусу чыкты. Ага ылайык, Бекмурза Эргешов ишканадагы көйгөйлөрдү өз убагында тиешелүү жетекчилерге жеткирбегени үчүн эскертүү алды. Мындан тышкары сөгүш жарыяланды. Азыркы учурда жумушуна кайтып келип иштеп жатат. Эми жогорудагы мүчүлүштүктөрдү жоюуга аракет кылат», -дейт Жээнбеков. 

Бекмурза Эргешов 2022-жылдын 29-декабрында убактылуу кызматтан четтетилген болчу. Бирок мындай чечимге эмне түрткү болгону ачыкталган эмес. Мэрия тарабынан комиссия түзүлүп, анын иши текшерилип жаткан.

Эргешов 2021-жылы күздө Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланып келип, кийин мандатын тапшырган. Буга «Жылуулук камсыздоо» ишканасына жетекчи болуп дайындалганы себеп болгон.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо ал «Биримдик» партиясынан талапкер болгон.  Ага чейин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын шаардык бөлүмүн жетектеген. Ошондой эле Эргешов шайлоодон кийинки башаламандыктарда Ош шаарынын борбордук аянтында 6-октябрда Жээнбековдорду колдоо митингин алып барган.

«Жылуулук менен камсыздоо» ишканасы Ош шаарынын бир бөлүгүн жылуулук менен камсыздайт. Аларда жалпы 88 откана бар.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*