
Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров 17-январда Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылындагы насостук станцияда болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жапаров Ош мэриясынын шаардыктарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча ишин сынга алды.
«Мен өткөн жылы республикалык бюджеттен каржы бөлүүнү жана бул маселени чечүүнү сунуштаган элем. Бирок Ош шаарынын мэриясы маселени өз алдынча чечүүгө аракет кылган. Бүгүнкү күнгө чейин маселе чечиле элек. Эгер ушундай маанилүү маселелерди чече албасаңыздар, ээлеген кызматтарды бошотуңуздар. Маселени чече ала турган адамдар чыгат», — деген Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы мэрияга так эсептөөлөрдү даярдап, жакынкы аралыкта долбоорду сунуштоону тапшырды.
Таза суу көйгөйү, мэрлердин убадалары
Ош шаарындагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таза суунун үзгүлтүккө учураганы. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин токтоп калат.
Таза суу маселесин чечүү үчүн калаа бийлиги 2022-жылдын август айында 250 млн. сомдук тендер жарыялаган. Бирок сынакка катышкан үч компания тең талапка жооп бербегендиктен четтетилген. Мэрия жакын арада кайрадан тендер жарыяланарын билдирген болчу. Долбоордун негизги максаты нөшөрлөп жааган жаан жана суу ташкын мезгилинде үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу болууда. Анткени Ош шаарынын плотинасына чейин сел каналдары бар. Ушундан улам Ак-Буура дарыясы булганат. Бул долбоордун негизинде 2,4 чакырым кошумча суу линиясын тартуу каралган. Долбоордун мөөнөтү эки жыл, бирок ал ишке ашкан учурда да маселе 100%га чечилбейт.
Оштун мурдагы мэри Алмаз Мамбетов калаага башчы болуп дайындалганда эртеси күнү эле таза суу көйгөйүн сезгенин айтып, маселени чечүү үчүн «варианттар каралып жатат» деп билдирген болчу. Бирок ал долбоорду ишке ашыра электе кызматтан кетти.
Андан мурун Оштун экс-мэри, учурдагы парламенттин депутаты Таалайбек Сарыбашов да суу көйгөйүн чечүүнү убадалап, шаарды таза суу менен камсыздоо долбооруна Азия өнүктүрүү банкы 3,5 млн доллар бөлүп бермей болгонун айткан.
2016-жылы шаардык бийлик элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн эки ири долбоорду ишке ашырууга аракет кылган. Ошол кездеги шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев баштаган жергиликтүү бийлик «Мындан ары жамгыр жааса да, таш жааса да калаада суу таңкыстыгы болбойт» деп убада беришкени менен аткарылган жок. Себеби, жер астынан чыгуучу суунун көлөмү болжолдонгон көлөмдөн аз болуп калган. Ошентип, ал долбоорлор ишке ашпай, элге пайдасы тийген эмес.
Оставьте первый комментарий