Кырдаал качан турукташары белгисиз. Майлуу-Сууда үйлөргө жылуулук жана суу толук жете элек

Майлуу-Суу. Сүрөт: ӨКМ

Майлуу-Суу шаарында үйлөргө жылуулук жана суу толук жете элек. Жай тургундар сууну сайдан ташып же карды ээритип иштетип жатканын айтышууда.

Катуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарынын эли бир жумадан бери өзгөчө кырдаалда жашап жатат. Азыр аймакта суу менен жылуулук маселеси курч. Ичүүчү суусу жок калган жергиликтүүлөрдүн айрымдары карды ээритип пайдаланууга аргасыз. Ушул тапта жашоочуларга атайын техникалар аркылуу суу жеткирүү колго алынган.

«Балдарга тамак жасаш керек. Кирлерибиз топтолуп турат. Сууну сайдан жыгылып, тыгылып ташып келип атабыз. Бирок бул ичкенге болбойт. Таза сууну тиешелүү кызматтар жеткирип турса жакшы болмок», -дейт тургундардын бири Наргиза Курбаева.

Майлуу-Суу шаарына 13-январда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ага катуу суукта суу түтүктөрү тоңуп, калаа толугу менен суусуз жана жылуулуксуз калганы себеп болгон. Жаралган жагдайга байланыштуу канализация да иштебей жатат. Жергиликтүү бийлик көп кабаттуу үйлөрдөгү ажаткананы жана раковиналарды иштетпей турууну эскертүүдө. Анткени саркынды суулар толугу менен чыгып кетпей, кайра артка тебип жатат. Мындай учурлар шаардагы көп кабатуу үйлөрдүн көпчүлүгүндө катталган.

«Жер төлөөдөгү саркынды суулар тоңуп калган. Чакырсак эч ким келбейт. Ванна, туалеттерден жагымсыз жыт чыгып жатат. Себеби жер төлөөдөгү канализация жогору көздөй көтөрүлүп чыгып атат. Эки балам бар, жалгыз бой энемин. Майлуу-Суунун эли эмне кылышын билбей отурат», -дейт шаар тургуну Фатима Курбанова.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-январга карата шаардагы үч отказандын экөөсү ишке киргизилгенин маалымдады. Буга чейин калаадагы №1 откана ишке берилип, жалпы 16 чакырым айланма магистралдан суу толук айланып келгени айтылган. Министрдин орун басары Урматбек Шамырканов ушул тапта миңден ашуун абоненттин 80 пайызы жылуулук менен камсыздалды дейт.

«Азыркы учурда биринчи отказандан 1234 абонентке жылуулук берилди. Аны менен кошо суу дагы барып жатат. Бирок аны ичкенге болбойт, анткени арыктан алып берип атабыз. Тургундардан авариялык абалдан чыгып алганча жылуулукка берилген суудан колдонбоону суранат элек», -деди Шамырканов.

Анткен менен калаадагы көп кабатуу үйлөргө жылуулук толук жете элек. Анткени көп кабатка кирген майда түтүкчөлөр тоңуп калган. Аларды ээритүү үчүн түтүктөрдү өрттөө жана ыссык буу берүү керек.  Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурланбек Умаров жарылып калган суу түтүктөрүн алмаштыруу, жамоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Учурда борбордук магистраль иштеп жатат. Ал эми үйлөргө кеткен түтүкчөлөр тоңуп калганына байланыштуу бригадалар жашоочуларга суу жеткирип берүүдө». 

30 миңдей калкы бар Майлуу-Суу шаарында ичуусу суу жана жылуулук толугу менен качан калыбына келери белгисиз. Эскертек кетсек: бир шаарды баккан Майлуу-Суу лампа заводу да жаралган кырдаалга байлануштуу убактылуу ишин токтоткон.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*