Таш-Көмүрдө милиция жетекчилери кызматкерлерден пара алууга шектелип камакка алынды

Ички иштер министрлиги кызматкерлерден пара алууга шектелген жетекчилер камакка алынганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, Күзѳт кызматынын Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн башчысы Н. С. менен взвод командиринин орун басары С. Т. экѳѳ ѳздүк курамдан системалуу түрдѳ опузалап акча алып жүрүшкөндүгү аныкталган. 

Таш-Кѳмүр шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн бир катар кызматкерлери бул фактыны тастыкташкан. ИИМдин Тергѳѳ кызматы  342-берене (пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*