
Майлуу-Суу шаарында үйлөргө таза суу жана жылуулук жетпеген жашоочуларга убактылуу жай ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, шаардык ооруканада жана окуу жайдын жатаканасында жалпы 102 орундук даярдалды. Аталган жайлар 24 саат бою шаардын тургундарын кабыл алат. Ошондой эле шаар бийлиги жеке тамактануучу жайлардын ээлери менен сүйлөшүп, 60 адамга орун даярдалганы айтылды.
«Учурда ӨКМнин Ноокен, Базар-Коргон, Таш-Көмүр шаардык бөлүмдөрүнөн келген өздүк курамдын кызматкерлери тоңуп калган суу түтүкчөлөрүн эритүү аракетин көрүшүүдө», -деп билдирди министрлик.
Майлуу-Суу шаарында үйлөргө жылуулук жана суу толук жете элек. Жай тургундар сууну сайдан ташып же карды ээритип иштетип жатканын айтышууда. Отказандар иштен чыккандыктан 340тай абонентке жылуулук бериле электигин парламенттин 19-январдагы жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирген. Анын айтымында, учурда 1,7 миңей абонент жылуулук ала баштады.
Эске салалы: Майлуу-Суу шаарына 13-январда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ага катуу суукта суу түтүктөрү тоңуп, калаа толугу менен суусуз жана жылуулуксуз калганы себеп болгон. Жаралган жагдайга байланыштуу канализация да иштебей жатат. Жергиликтүү бийлик көп кабаттуу үйлөрдөгү ажаткананы жана раковиналарды иштетпей турууну эскертүүдө. Анткени саркынды суулар толугу менен чыгып кетпей, кайра артка тебип жатат. Мындай учурлар шаардагы көп кабатуу үйлөрдүн көпчүлүгүндө катталган.
Оставьте первый комментарий