Ошто вице-мэрлик кызмат үч айдан бери талашта. Мэрия эмнеге мыйзамдын талабын аткарбай жатат?

Ош мэриясында вице-мэрлик кызмат дээрлик үч айдан бери талашка түшүп келет. Социалдык тармакты караган вице-мэрдин орду интернетте да талкууланып, эки түрлүү пикирдин кагылышы жаралды. Мындан дагы негизгиси — мыйзам аткарылбай, бул ишке прокуратура да аралашты. Анткен менен мэр Бактыбек Жетигенов маселеге кош көңүл карап, өз ара сүйлөшүлгөн деп гана жылуу жооп берип келүүдө.

Ошентип, дээрлик үч айдан бери Ош шаарында эки вице-мэрдин ортосунда орун талаш күч алганы байкалды. Бири жумушуна батынып келе албаса, экинчиси олтурган кызматын өткөрүп бергиси келбегендей өңүт калтырууда. Сөз азыркы вице-мэр Венера Рыскулова менен бул кызматта иштеп жүрүп, 2020-жылы Японияга окууга кеткен Нурбек Кадыров тууралуу болуп жатат. Негизи бардык күбүр шыбыр кептерге шаар башчысы чекит коюш керек эле. Бирок маселе ушул күнгө чейин чечилбей уланып келет. Анын себебин мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков мындайча түшүндүрдү:

«Бакыт Жеңишбекович (ред-мэр Бакыт Жетигенов) «жаңы жылдан кийин бул маселе бир тараптуу чечилет» деген. Венера Кадышевна (вице-мэр Венера Рыскулова) ден соолугуна байланыштуу өргүүгө чыгып кеткен. Келгенден кийин маселе каралат. Нурбек Кадыров ошол учурдагы мэр менен балким өз ара сүйлөшкөндүр. Азыркы калаа башчы да ал кишини кабыл алган. Мэр буга чейинки маектеринде да мыйзам чегинде караларын айткан».   

Шаарды жаңы гана башкарган калаа башчысы өз учурунда мыйзам чыгарып депутат болгонуна карабастан, аткаруу бийлигине келээри менен мыйзамдарды четке каккандай көрүнүштү пайда кылды. Шаардык кенештин жыйынында вице-мэрлик кызмат тууралуу сөз козголгондо мэр Бакытбек Жетигенов Нурбек Кадыров менен сүйлөшкөнүн, ортого ар кимди салбай, күтүп туруусун айткан. Бирок мыйзамдын талабы эмнеге аткарылбай келе жатканына али күнчө ачык түшүндүрмө бере элек.

-Ыдырыс Исаков: Шаршен Касенов агайыңыз «Венера Рыскулованы жумушта калтырып койчу» деп дайындаган экен. Сиз макул болгон экенсиз?

-Бакыт Жетигенов: эч ким дайындаган жок (күлүп). Келатканымда (ред- Ошко) «Бакыт куттуктайм! Өзүбүзгө тиешелүү адамдар, вице бар. Биз ошол менен байланышып калганбыз» деп эле койду. Эми «ээси келсе, бээсин бер» дегендей эле да. Мыйзам боюнча тиги жигит (ред- Нурбек Кадыров) келиш керек. Башында туура эмес жол, чыр-чатак менен келип алды да». 

Буйрукта кандай эле?

Бирок кызмат талашып жаткан эки чиновниктин кызыкчылыгынан мыйзам жогору турат. Бул жагдайда Оштун бийлиги мыйзамды, ченемдик укуктук актыларды так аткарбай келишет. Мурунку вице-мэр Нурбек Кадыровду окууга жиберүү жөнүндө буйрукта 2022-жылдын 3-октябрында анын ишке чыгуусу жана азыркы вице-мэр Венера Рыскулова иш ордун бошотуп бериши керектиги көрсөтүлгөн. Бирок шаар бийлиги мыйзам менен бышыкталган буйруктун аткарылышын колго ала элек.

«Бул маселеге коомчулук катуу көңүл буруп турат. Аны чечүү мэрдин көзөмөлүндө. Жакында калаа башчы саясий чечимдерди кабыл алат. Эки тараптуу келишим бар, бирок ал тууралуу комментарий бере албайм», -дейт Ош шаардык мэриясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Өмүрали Арзыкулов.

Ош шаардык прокуратурасы калаа бийлигине 2022-жылдын 21-декабрында вице-мэрлик кызматтын  мыйзамдуу, мыйзамсыз жагдайларын ачыктап сунуштама берген. Шаар бийлиги сунуштаманы аткаруу жөнүндө кагаз түрүндө жооп бериши керек. Бирок жооп келе элек. Ош шаарынын прокурорунун орун басары Абдирашит Кубатидиновдун айтымында, эгер, сунуштама аткарылбаса мекеме сотко кайрылат.

«Нурбек Кадыровду кайра жумушка кайтаруу боюнча буйрук чыкпагандыктан, бизге Ош шаардык кеңешинин депутаттары кайрылышкан. Сунуш кайсы бир мөөнөттүн ичинде аткарылыш керек. Аткарылбаса прокурордук акт келтирилет. Ошого жараша чара көрөбүз», -деди Кубатидинов. 

Экинчи борбор аталган Ош шаарында мыйзамдан тарта өкмөттүн, шаардык кеңештин токтомдору, шаардык бийликтин өздөрү чыгарган буйрук, токтомдору өз учурунда аткарылбаган көрүнүштөр жүздөп саналат. Мыйзам менен бышыкталган ченемдик укуктук актылар аткарылышы керек. Эки  вице-мэрдин ортосундагы маселеден да мыйзамдын так аткарылуусу маанилүү.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*