
Ичүүчү сууга болгон тарифтер саясаты өзгөртүүгө муктаж. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров район жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушууда айтканын 20-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда Жапаров ачык жерлердеги суу тосмолору тоңуп калып жатканын айтты. Ал бийлик кийинки жылы бул маселени чечүү чаралары көрөрүн, анын ичинде ичүүчү суулардын тутумдарын жердин астынан алчудай кылып, насостор коюларын белгиледи. Ошондой эле ал быйыл ичүүчү суунун тарифтик саясатын өзгөртүү керектигин кошумчалады.
«Майлуу-Суу шаарындагы абалды көрүп турасыздар. Муниципалитет курулмаларды тейлей албай жатат. Анткени тариф абдан төмөн, өзүн-өзү актабай жатат. Ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды, жоболорду, укуктук документтерди тезинен даярдоо зарыл».
Жапаровдун айтымында, бир куб метринин (1 миң литр) өз наркы 7 сом 70 тыйын болгон ичүүчү сууга Бишкектин тургундары 5 сом 38 тыйын төлөп жатышат. Чүй облусунда бир куб метр таза суунун муниципалдык тарифи 8 сом, Жалал-Абад облусунда 15 сом. Бирок айрым райондордо, мисалы, Өзгөндө 39 сомго жетет.
«Пластик бутылкалардагы жарым (0,5) литр сууну 15 сомдон сатып алып ичебиз. Ал эми кранда канчалаган куб сууну агызып колдонуп жатканыбыз үчүн эч ким реалдуу бааны төлөгөн жок», — деди өкмөт башчы.
Оставьте первый комментарий