УКМКнын Оштогу башкармалыгынын кызматкери кармалганы кабарланды

УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын имаратына Ички иштер министрлигин атайын отряды бастырып киргени айтылууда. Бул тууралуу «Т-Медиага» күч органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Ага ылайык бүгүн, 20-январда Башкы прокуратура тарабынан атайын операция жүргүзүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын кызматкери ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалды.

Башкы көзөмөл органдын кызматкерлери имаратка кирээрде тоскоолдуктар жаралган.

Ушу тапта УКМКнын облустук жана шаардык башкармалыгынын имаратынын алдында прокуратуранын бир топ кызматкерлери турат.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*