Адам сатууга каршы туруңуз. Видео

Эл аралык коргоого көмөктөшүү уюму өзүнүн бир катар өнөктөштөрү менен биргеликте «Манас» эл аралык аэропортунун кызматкерлерине адам сатуунун алдын алуу боюнча атайын окутуу жүргүздү. Анткени адам сатуу фактылары менен күрөшүү, адамга жана анын укуктарына каршы жасалган иш-аракеттерди байкоо, көзөмөл жүргүзүү, каршы туруу атайын даярдыкты жана билимди талап кылат. 

Аталаган окутуу аэропорттун кызматкерлерине адам сатууну көздөгөндөрдү байкап, жүргүнчүлөрдүн аталган иштин курмандыгы болуп калуусун алдын алып, тийиштүү иш-аракеттерди көрүүгө үндөйт.

«Аэропорттун кызматкерлеринин адам сатуунун алдын алууда чоң ролу бар экенин эске алып ушул окууну өткөрүп жатабыз. Отель, мейманкалаларда да бул окутууларды уюштурабыз. Алар ушундай адам сатуунун курмандыктарын психологиялык жактан байкап туруп, тиешелүү мекемелерге жеткирип алдын алыш үчүн аларга көмөк иретинде өткөрүлөт», — дейт Эл аралык коргоого көмөктөшүү уюмунун жетекчиси Акылбек Ташбулатов.

Бул окутуу «Борбор Азиядагы коопсуз миграция» долбоорунун алкагында уюштурулган. Буга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткенде өткөрүлгөн.

Дүйнө жүзү боюнча адам сатуунун курмандыгы болгондордун саны жылына 27 миллиондон 50 млнго чейин жетет. Мындан улам, адам сатуу көйгөйлүү маселелердин катарына кирип, бир катар эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар да бул боюнча атайын окутууларды, иш-чараларды өткөрүп келишет.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*