
2023-жылдагы ажылык сапарга каттоо иштери 24-январдан башталат. Бул жылы Кыргызстанга 6 миң квота бөлүнгөн.
Муфтияттан билдиришкендей, 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер РСК банкына 14-февралга чейин 1000 доллар өлчөмүндөгү каражатын төлөшү керек. Андан соң, чек менен каттоого тиешелүү документтерди облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга тапшыруусу кажет.
2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде 1000 доллар төлөй албай калган шартта ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат.
Ал эми 2023-жылы жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүрөт. Алар 1000 доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга каттоого турат. РСК Банкына төлөнгөн алгачкы 1000 долларынын квитанциясын жана каттоого тиешелүү документтерди тапшыруусу зарыл. Эгер ал суммларар төлөнбөсө каттала алышпайт.
Ажыга баруучуларды каттоо Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.
Толук маалымат алуу үчүн:
Тел: 0778 48 61 67, 0558/0708 48—61—67
Тел/факс: 0312 48—61—67
Оставьте первый комментарий