Кыргызстанда 346 айылда таза суу тутумдары такыр жок. Видео

Кыргызстанда 346 айылда таза суу тутумдары такыр жок. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары Жолдошбек Абдраев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоору боюнча маалымат укту. Жыйында Абдраев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өлкөдө 346 айылда таза суу тутумдары жок экенин дагы 470 айылда суу тутумдары эскирип, колдонууга жараксыз болуп калганын маалымдады.

«470 айылда суу тутмдары 50-70-жылдары курулган. Алар азыр колдонууга жараксыз» — деди Абдраев.

Кыргызстанда жалпы 1905 калктуу конуш бар. Алардын 32си шаар, 1873ү айыл статусунда. Өлкөдө жыл сайын калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоо үчүн долбоор сунушталып турат. 2000-2014-жылдары Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкынан 110 миллион евро инвестиция болуп, 545 айыл ичүүчү суу менен камсыз болгон. 2022-жылы 39 айылда таза суу чыгарылды.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1487 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*