
Оштун «Алай» футбол клубунун командасына оюнчуларды кайрадан тандоо башталып жатат. Бул тууралуу клубдун жаңы жетекчиси Кабылбек Укулов Т-Медианын «Адил сөз» берүүсүндө билдирди.
Укуловдун маалыматында, командага футболчуларды тандоо үчүн жаңы машыктыруучулук курам түзүлдү. Алар алгач Ош, Баткен, Жалал-Абаддан чакырылган оюнчуларды кароодон өткөрөт. Жаңы жетекчи жакшы команда топтоп, аларга шарт түзүп берип, футболчулардан чемпиондукту талап кылаарын белгиледи.
«Машыктыруучу курамыбыз даяр болуп калды. Алар просмотрга оюнчуларды чакырып жатат. Биринчи Ош, Жалал-Абад, Баткенден оюнчуларды көрөбүз. Экинчи этапта Бишкектен чакыра турган оюнчуларыбыз бар. Чүй, Ысык-Көл, Нарындан келет. Аларды тандап алгандан кийин команда толукталбаса биз легионерлерди издейбиз. Менин максатым жакшы команда түзүп, аларга жакшы шарт түзүп берип, командадан кыргыз премьер лигасынын чемпиондугуна талап коём» — деди Укулов.
Клубдун толук курамын февралга чейин тандап алуу пландалууда. Кабылбек Укулов командага буга жейин өзү жетектеген клубдардан да оюнчуларды чакыраарын, бирок алар машыктыруучулардын купулуна толсо гана тандалаарын билдирди.
«Кароодон кийин кайсы оюнчу биздин купулубузга толсо ошолор менен келишим түзөбүз. Буюрса февралдын башынан команда толук түзүлүп, машыктуруучулардын колуна өткөрүп берип, өзүм көзөмөлгө алам. Буюрса башкалардан кем эмес машыгууларды кылып жетишебиз»
Кабылбек Укулов 19-январда Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадионуна жана муниципалдык «Алай» футбол клубуна жетекчи болуп келген. Стадионду жана аталган клубду буга чейин Улан Алымканов жетектеп жаткан.
Оставьте первый комментарий