Кыргызстандагы медиа уюмдар «Азаттыкка» каршы доо арызды чакыртып алууну талап кылды

Кыргызстандагы медиа коомчулук Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттыкка» карата доо арызын чакыртып алууну талап кылышты. Кайрылууда медиа уюмдар учурда “Азаттык Медианын” доо арызы боюнча соттук териштирүүдө министрлик жоопкер болуп туруп, соттун чечими чыга электе эле “Азаттыктын” ишин токтотууну суранып сотко кайрылганы мыйзамга каршы келерин белгилешкен. 

«Азыркы учурда жол берилген иш-аракеттери үчүн Маданият министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин доосу боюнча административдик жоопкер катары өтүп жатат. “Азаттык Медиа” мекемеси редакциянын сайтын бөгөттөө боюнча мамлекеттик органдын чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп табууну соттон өтүнүп жатат. Бирок, Маданият министрлиги сот административдик доону карап, маңызы боюнча чечим чыгарганга чейин күтпөстөн, “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу жөнүндө доо арыз менен кайрылды» — деп айтылат билдирүүдө.

Медиа коомчулук, министрлик “Жалган (анык эмес) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамын негизинде айыптап жаткан “Азаттык Медиа” редакциясынын материалында жалган маалымат болбогону эки мамлекеттин расмий мамлекеттик органдарынын маалыматтары гана айтылганын белгилеген.

«Азаттыктын доо арызында программанын алып баруучусу эки тараптын өкүлдөрүнөн комментарий алганы көрсөтүлгөн. Бул учурда маалымат эки тараптын жүйөлөрүн берүү менен чогултулуп, редакциянын иш-аракеттери журналисттердин кесиптик стандарттарына шайкеш келген. Ошол эле учурда тажик тараптын журналисти Тажикстандын Чек ара кызматынын басма сөз борбору даярдаган пресс-релиздеги маалыматты толугу менен окуп берген. Ал эми Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик органдарынын маалыматын ушул эле программада “Азаттык Медианын” кыргыз редакциясынын журналисти жеткирген. Мындан тышкары, Тажикстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы айткан маалыматка “Азаттык Медиа” редакциясы төгүндөө берген. Бул тууралуу Маданият министрлигинин өзү да ырастап, доо арызында кыргыз тараптан “Азаттык Медианын” өкүлү бул маалыматты четке какканын белгилеген» — деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле, “Азаттык Медиа” коом үчүн коркунучтуу кесепеттерге алып келген, мыйзамдарды системалуу түрдө бузгандыгын тастыктаган реалдуу фактылар жана негиздер келтирилбегендиктен министрликтин доосу негизсиз экени айтылат.

2022-жылы 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” веб-сайтын убактылуу жабуу чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби да эскертүүсүз бөгөттөлгөн. 20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш «Азаттык» радиосунун сайтынын бөгөттөлүшүнө жана сөз эркиндигине тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Ага президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев «Азаттыктын» иши учурдагы мыйзамдарга ылайык токтотулган деп жооп берген.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1345 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*