
Илимий даража үчүн үстөктөр 50%га жогорулатылды. Мындай чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Жаңы чечимге ылайык, 1-январдан тарта:
- илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн – 2700 сом;
- илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн – 1350 сом берилет.
Буга чейин илим докторлоруна – 1800 сом, илимдин кандидаттарына – 900 сом кошумча төлөмдөр берилип келген.
Министрликтин маалыматында Кыргызстанда 1 миң 179 илимдин доктору жана 5 миң 323 илимдин кандидаты аттестациядан өткөн.
Оставьте первый комментарий