
Чүйдүн Москва райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровдун иши кыскартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакыт Автандил фейсбук баракчасына жазды.
Бүгүн 24-январда, акынга коюлган айып боюнча соттук отурум болгон. Ага кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Тосмо арыздын негизинде ал сот залынан бошотулду.
Буга чейин Москва райондук сотунда Болот Назаровду 16-мартка чейин камакта калтыруу чечими чыккан эле. Назаров былтыр 9-ноябрда жылкы уурдоого шектелип кармалган.
Андан мурун 2021-жылдын 23-январында милиция Болот Назаровду иликтөөчү журналист Болот Темиров менен кошо баңгизат колдонуу жана сатууга айыптап кармап, кийин үй камагына чыгарган. Ага чейин Назаров ютуб каналына жемкорлукту ачыктаган чыгармаларын жарыялап жүргөн.
Оставьте первый комментарий