
Баткен шаарында жаңы автобустардын үчөө каттамга чыгарылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Жол акысы чоңдор үчүн 15 сом, жаш балдар үчүн 10 сом. Автобустар төмөнкү линиялар боюнча каттайт:
- Салихов көчөсүнөн — Чет-Булак кварталына (С.Огата мектеби, «Айгүл-Таш» подстанциясы) чейин, андан соң Сайдиман ажы көчөсүнөн мал базарга чейин каттам барат;
- К.Турмаматов көчөсүнөн кайтып, Раззаков көчөсүндөгү Ак-Ташка чейин барат;
- Т.Садыков көчөсүнөн Жибек жолу көчөсү аркылуу И.Жусупов көчөсүнө барып, Салихов көчөсүнөн «Биримдик базарына келип токтойт.
Калган 3 автобустардын лицензиялары даяр болуп, уруксат берилгенден соң каттамга чыгат.
Быйыл Баткен шаарына биринчи жолу 6 автобус алынган. Алар Айыл банк тарабынан лизингдик негизде ар бири 3 млн. 71 миң сомдон бааланган. Калаа мэриясы бул автобустардын акчасын 6 жылда бөлүп төлөйт. Бирок Баткен шаарынын көчөлөрү жаңы автобустарга ылайыкташпаганы айтылган эле. Мындан улам, көчөлөрдү кеңейтип, аялдамаларды оңдоо иштери башталган.
Оставьте первый комментарий