Быйыл пландалгандан 3,7 млрд сомго көп салык чогултулду

Былтыр салык кызматы 207 миллиард 901 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Сумма пландалгандан 3,7 млрд сомго, 2021-жылга салыштырмалуу 63,8 млрд сомго көп.

Анын ичинен 156 млрд 338 млн сом салык жана төлөмдөрдөн чогултулган. План 729 миллион сомго ашык аткарылган. Ал эми, 51 миллиард 563 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрүнөн чогултулду.

Салык кызматы пландын ашыкча аткарылышына ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүү ыкмасы салым кошконун билдирди.

«Ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүү иштеринин аркасында Салык кызматы салык боюнча пландык тапшырмаларды ашыра аткарды. Тактап айтканда, «SMART Салым» салык процедураларын санариптештирүү долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар, KKM-online, электрондук жол баракчалар жана башкалар өз жыйынтыгын берди» — деп билдирди салык кызматы.

Быйыл салыктардан жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 247,6 млрд сом чогултуу пландалууда.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*