Парламентте репрессия курмандыктарын актоого багытталган мыйзам долбоору боюнча угуу өтөт

27-январда Жогорку Кеңеште саясий репрессиялардын курмандыктарын актоого багытталган мыйзам боюнча парламенттик угуу өтөт. 

Мыйзам долбоорунун демилгечилери, депутаттар Жанар Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо.

Демилгечилер сунушталып жаткан мыйзам долбоору, 1918-1953-жылдардагы окуялар боюнча тарыхый адилеттүүлүктү бекемдөөгө, “кызыл террор” жана сталиндик репрессия жылдарында укукка жат массалык репрессияларга дуушарланган Кыргызстандын көптөгөн жарандарынын жакшы ысмын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк бере турганын билдирген.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1489 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*